Бишкектин Ак-Ордо конушундагы 3 көчөдө капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Садыр аке көчөсүндө Каркыра жана Тагай бий көчөлөрүнүн ортосундагы жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Иштин жүрүшүндө тротуар жана унаа токтотуучу жай оңдолуп, ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.
Ошондой эле Каркыра жана Садыр аке көчөлөрүнүн ортосундагы Акак көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Жеринде тосмолор бузулуп, мамыларды жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жакында бордюрларды орнотуу иштери башталат.
Мындан тышкары Т.Дүйшөбаев көчөсүндө Тагай бий жана Көк-Жайык көчөлөрүнүн ортосундагы жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Анда жумушчулар жер кыртышын өздөштүрүү иштерин бүтүрүштү. Учурда ирригациялык системаны жана бордюрларды орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Көчөнүн бул бөлүгүндө жаңы жол гана эмес, ирригациялык системасы бар жаңы тротуар да болот.