Абитуриенттерди окууга өткөрүү үчүн пара алууга шектелген аял кармалды

Бишкекте абитуриенттерди окууга өткөрүү үчүн пара алууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июлда "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 84 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен С.Ч. аттуу кыргыз жараны кармалган.

"Бул акча абитуриенттерди борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын бирине кабыл алуу үчүн алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан