Бишкекте эки чет элдик жаран мушташып, бири каза болду

Бишкекте эки чет элдик жаран мушташып кетип, бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 29-июлда кечке маал болгон. Анда Юнусалиев көчөсүндө А.Х. жана А.В. аттуу чет элдик жарандардын ортосунда чыр чыгып, мушташа кетишкен.

Ошол учурда алардын бири өзүн жаман сезип, "Тез жардам" келгенге чейин көз жумган.

"Бул факты боюнча "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Эксперттердин катышуусу менен маркумдун денесине кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анда "ич тарабындагы жабык травма жана жүрөктүн токтоосу" деген диагноз коюлган", - деп билдиришти милициядан.

Шектүү катары 21 жаштагы А.Х. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан