“Бордюрларды талкалап”. Бишкекте тыгында турган унаа жол эрежесин одоно бузду

Бишкекте жасалып бүтө элек жол менен унаасын айдап эреже бузган айдоочунун видеосу тарады. Анда оңдоп-түзөөгө байланыштуу жаралып жаткан жол тыгындарында турган унаа жол эрежелерин бузуп, жасалып жаткан көчөгө өтүп кеткендигин көрүүгө болот.

Окуянын күбөлөрү жол жээгиндеги бордюрларды талкалап өтүп кетип жаткандыгын баяндап, унаанын номери “08KG 557” экендиги айтышкан.

Ал эми бул видео менен бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев өз социалдык баракчасына бөлүшүп, жолдорду оңдоодо жаралып жаткан мүчүлүштүктөргө сабыры жетпегендер менен кантип күрөшүү керектигин коомчулуктан сурады.

“Мэрия жолду жасап жатканына туура түшүнүп жаткан бардыгыңыздарга терең ыраазычылык! Беш кол тең эмес экен, кээ бир учурда сабыр кылып чыдай албаган, же бийигирээк машина айдаса башка адамдар кумурска көрүнүп калган тентектер болот экен. Жаңы жасалган жолдорду көрүп туруп, ысык асфальтты тебелеп кетишет. Болбосо жолдон улактай секирип кетишет. Оор жүк ташыган унаа менен Ахунбаев көчөсүн казып кетишет. Айланы кетиришти. Эми бул тентеке эмне дейбиз? Мэрия күнөөлүү деп унчукпай отуруп беребизби? Же коом баарылап тарбиялайбызбы?” - деген билдирүү калтырган.

“Бардюрларды талкалап”. Бишкекте жол тыгында турган унаа эрежелерди бузуп өтүп кеткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан