УКМК Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин деканын дагы кармады

Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканынын орун басары Д.у.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө аталган факультеттин деканы У.И.С. коррупциялык схемага тиешеси бар экендиги аныкталып, ал убактылуу кармоочу жайга эки суткага камакка алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан