Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 26 жана 50 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга Кулиев көчөсүндө сабалган белгисиз адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган "Тез жардам" кызматынын жардамына карабастан ал адам эсине келе албай көз жумган.
Окуя болгон күнү батыш унаа бекетинин аймагында кызмат өтөп жүргөн милиция кызматкерлери маркум менен тааныштарынын ортосунда чыр-чатак болгонун, 2 адам аны сабап салганын аныкташкан. Натыйжада 51 жаштагы киши алган жараатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1998-жылы туулган У.Р. жана 1974-жылы туулган К.Н. аттуу жарандар кармалып, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.