УКМК Балыкчыдан кармалган милиция кызматкерлерин Бишкекке алып келди

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат кечээ күнү 83 миң сом пара алып жаткан жеринен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.ны жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.ны колго түшүргөн.

Алар ишкерден "тергөөгө чейинки текшерүү иштерин токтотуп беребиз" деп акча талап кылышкан.

УКМК шектүүлөр Бишкекке алынып келингенин жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан