Бүгүн, 31-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 859 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 791 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 481 куб метрди түзүүдө.
Ал эми кечээ суунун көлөмү 11 миллиард 833 миллион куб метрди түзгөн болчу.
Былтыр, 2023-жылы 31-июлда 10 миллиард 943 миллион куб метр суу топтолгону көрсөтүлөт маалыматта.