Президент Садыр Жапаров аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Өлкө башчынын 26-июлда кол койгон жарлыгына ылайык, аскерге чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек балдар ушул жылдын сентябрь-ноябрында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат.
Ал эми аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.