1-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, өлкөнүн калган аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +37…+39 градус болот.