Эртең, 1-августтан баштап Бишкек-2 — Балыкчы — Бишкек-2 №608/609 поездинин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагонду киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган вагондун ичинде 6 купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система, ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган. Ал эми ички жасалгасы улуттук стилде кооздолгон.
"Бул вагон уюшкан топтордон турган жүргүнчүлөрдүн өзүнчө купеде жүрүүсүнө ылайыкталган.
Вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана анын Android жана iOS мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан накталай жана накталай эмес бардык улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу сатып алууга болот.