Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери Олег Сторчев каза болду

Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери Олег Сторчев каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда УКМКдан билдирди.

"УКМК жетекчилиги, ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы подполковник Сторчев Олег Степановичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, подполковник Олег Сторчев 1960-жылы 18-октябрда Украина ССРинин Киев облусунун Белая Церков шаарында туулган.

1981-жылдан 1983-жылга чейин Ооганстанда Советтик Армиянын катарында аскердик кызматын өтөгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук органдарында кызматын 1992-жылдын апрель айында баштаган. Ал күзөтчүдөн тарта Улуттук коопсуздук кызматынын «А» атайын операциялар башкармалыгынын жетекчилигине чейин жеткен.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт органында - мамлекеттик коопсуздук органында кызмат өтөгөн мезгилде Кыргызстандын мамлекеттик күзөт объектилеринин коопсуздугун камсыз кылууга зор салым кошкон.

Кызмат учурунда тиешелүү ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Ооганстанда кызмат өтөгөн учурунда көрсөткөн жеке эрдиги жана кайраттуулугу үчүн ыраазы болгон афган эли тарабынан «Интернационалист жоокер» медалы менен сыйланган.

"Сторчев боорукер жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ардагерибиздин жаркын элеси биздин эсибизде ушул бойдон сакталып калат", - деп айтылат маалыматта.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Олег Сторчевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан