Ошто мурдагы бөлүм башчы кармалды

Ош облусунун Араван районунун билим берүү бөлүмүндө орун алган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, материалдык пайда көрүү үчүн шектүү, райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Ш. жана бухгалтер С.У.Б. Т.Г. аталышындагы ЖЧКнын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө барышкан.

"Алар 2022-жылдын июнь айында мамлекеттик буйрутманын суммасынан 10 пайыздан (2 миллион 99 миң 100 сом) берүү шарты менен мамлекеттик сатып алуу боюнча жасалма тендер өткөргөндүгү такталды", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында республикалык бюджетке 753 миң 565 сом зыян келтирилген.

Атайын кызмат шектүү делген мурдагы бөлүм башчы убактылуу кармоочу жайга камалганын, учурда иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан