Индиянын Керала штатындагы жер көчкүдөн каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Министрлик Кыргызстандын Индиядагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта экендигин билдирди.
"Элчиликтин ыкчам байланыш телефону: +91 9810304863,+91 9599921779 иштейт, ал аркылуу Индияда жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат" деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, 30-июлда Индиянын түштүгүндөгү Керала штатындагы чай плантацияларына жер көчкү түшкөн. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 165ке, жабыркагандардын саны 196га жеткени айтылууда. Бир катар үйлөр жер көчкүнүн алдында калган.
Чет өлкөлүк басылмалар жазгандай, 31-июль штатта аза күтүү күнү деп жарыяланды.