Кувейтте кыргыз-кувейт кызматташтыгы боюнча сүйлөшүү орун алды

Кыргыз өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары, Эл аралык уюмдар департаментинин директору, элчи Абделазиз Аль-Жаралла менен жолугушту.

30-июлда орун алган жолугушууда тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын өнүктүрүү, эл аралык уюмдардын алкагындагы демилгелерин өз ара колдоо боюнча сүйлөшүштү.

"Тоолуу өлкөлөрдү консолдиациялоо, “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча” диалогду институтташтыруу жана БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында “Тоо өнөктөштүгүн” кеңейтүү маселелери боюнча кыргыз тараптын демилгелерин Кувейт тарабынан колдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди" деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо принциптерине жана тыгыз кызматташууну улантуу макулдашылганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан