Орусиядан мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна балык артка кайтарылды

Орусиядан өлкөгө мыйзамсыз алынып келе жаткан 22 тонна тоңдурулган балык артка кайтарылды. Бул жөнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматында айтылат.

Билдирүүгө ылайык, "Чалдыбар" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунда Орусиядан Кыргызстандын аймагына 22 тонна тоңдурулган балык (минтай) мыйзамсыз ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Анда ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбегендиги аныкталган. Жүккө тиешелүү акты түзүлүп, Орусияга кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан