Баш калаада кино тармагын өнүктүрүү боюнча жыйын өттү. Ага Байсалов катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Ага маданият министри Алтынбек Максутов жана кино тармагынын өкүлдөрү катышты.
Министрлик кабарлагандай, жолугушууда кино тартуу үчүн павильон куруу, кыргыз киносун эл аралык аренада таанытуу, кыргыз тилиндеги анимация багытын өнүктүрүү, заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү маселелери каралды.
Анда Байсаов “биздин кино “кыргыз кереметинин” улуу салттарын улантып, өлкөбүздүн алтын мурасы болушу керек. Жаңы доордо кыргыз киносу элди тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо чоң роль ойнойт. Мамлекеттик маанидеги орчундуу маселе – эне тилдеги контентти көбөйтүү зарыл. Айрыкча өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын калыптандырууда негизги ролду ойногон көркөм тасмалар, мультфильмдер”, - деди.
Жыйындын соңунда ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча тийиштүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан