Эртең Оштун айрым айылдарында электр жарыгы берилбейт (тизме)

Эртең, 1-августта Ош облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы берилбейт. "Ош электр тармактары" ишканасынан кабарлашкандай, мындай чектөө оңдоо-түзөө жумуштарына байланыштуу кабыл алынган.

Эртең саат 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы убактылуу болбойт:

Кара-Суу РЭТ: Нариман айылында, Нариман аймактык милиция бөлүмүндө, Нариман паспортстол мекемесинде.

Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районундагы 12, 13, 14, 15, 25, 26, 27, 28, 29 көп кабаттуу үйлөрүндө, "Жомок" балдар бакчасы. Э.Алиев (Суйумбаев көчөсүнөн Пржевальский көчөсүнө чейин), Пржевальский, Вяземский, Базарбаев көчөлөрүндө, Төлөйкөн ААБ караштуу Төлөйкөн айылынын жогорку бөлүгү. Кызыл-Кыштак ААБ караштуу Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист, Керме-Тоо айылдарында.

Ош РЭТ: Ош шаарынын Масалиев, Бобулов, Өзгөн, Тилеке-Баатыр, Исанов, Абакир уулу Төрөбек, Кулматов көчөлөрүндө, Озгур, Төлөйкөн айылдарында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан