
Бишкектин Ак-Өргө конушунда заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ага ылайык, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Кореянын эл аралык кызматташтык уюму "KOICA" жана Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 4 өрткө каршы куткаруу бөлүк курулду. Алар Чолпон-Ата, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте.
Заманбап имараттар бардык талаптар менен курулуп, өрт өчүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүк 5 тонналык бирден өрт өчүрүүчү жана пикап үлгүсүндөгү авариялык куткаруу унаасы, гидравликалык куткаруу шаймандары менен толукталган. Ошондой эле 54 метрлик автошаты алынган.
Аталган өрт куткаруу бөлүгү шаардагы 212 000 ашуун адамды тейлеп, расмий ачылуу аземи ушул жылдын lll кварталына пландалган.