Килиан Мбаппе мурда ойногон футболдук клубун сатып алды

"Реал Мадриддин" чабуулчусу Килиан Мбаппе жана анын апасы Фаиза Ламариге таандык Coalition Capital инвестициялык фонду "Кан" футболдук клубунун акцияларын сатып алуу процессин расмийлештирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жыйынтыгында фонд мажоритардык акционер болуп кала турган бүтүмдүн суммасы 20 миллион еврого жакын болору мурда маалымдалган.

Foot Mercato басылмасынын маалыматы боюнча, Мбаппенин үй-бүлөсү клубдун акцияларынын 80 пайызын америкалык Oaktree инвестициялык фондунан сатып алган. Калган капитал "Кандын" байкоочу кеңешинин президенти Пьер-Антуан Каптондун башкаруусунда калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан