УКМК Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутатын кармады

Жалал-Абадда Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин депутаты К.Б. шаардык кеңештин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине ушул жылга карата "Капчыгай" кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, шектүүлөрдүн башка кылмыш фактылары аныкталып жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан