Париждеги Олимпиада оюндарында Түштүк Корея, Кытай жана Түндүк Кореядан келген стол теннисинин медалчылары подиумда чогуу селфи кылышты.
Социалдык тармактарга тараган сүрөттө, спортчулар теннисчилердин биринин телефонунун камерасын карап, жылмайып сүрөткө түшүшкөн.
Стол тенниси боюнча Олимпиадада кытайлык Ван Чуцин менен Сун Инш алтын медаль утушту. Күмүш медалды түндүк кореялык спортчулар Ли Чен Сика менен Ким Ким Ёнг жеңсе, коло медалга түштүк кореялык спортчулар Лим Чон Хун менен Шин Ю Бин ээ болушту.
Эки кореялык державанын тегерегиндеги саясий чатак Олимпиаданын ачылыш аземинде дагы тутанган. Анда Түштүк Кореянын спортчулары кайык менен параддан өтүп бара жатканда дикторлор делегацияны Түндүк Корея деп жарыялашкан.
Мындан улам Түштүк Кореянын Спорт министрлиги Эл аралык Олимпиада комитети менен жергиликтүү уюштуруу комитетинен түшүндүрмө берүүнү талап кылган. Кийинчерээк комитет бул катасы үчүн кечирим сураган.