Бүгүн, 1-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 891 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын" маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, суунун агып келиши секундасына 796 куб метрди түзсө, ал эми сууну керектөө секундасына 432 куб метрди түзүүдө.