Бордюрду талкалаган унаа: Айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды

Бишкекте жол жээгиндеги бордюрду талкалап, андан ары газонду тебелеген унаа айып короого киргизилди. Бул туурасында кечээ, 31-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаа жол жээгиндеги бордюрду талкалап, андан ары газондо айдап жатканы тартылган видео тараган.

Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, одоно эреже бузган унааны таап, айып короо жайына токтотушту. Айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды.

Ага андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан