Ысык-Көлдө скутер тээп жүргөн жергиликтүү тургун көлгө чөгүп кетти

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында скутер тээп жүргөн жергиликтүү тургун сууга чөгүп каза тапты. Маалыматты бүгүн, 1-августта облустук милициядан ырастады.

Ага ылайык, кечээ Ысык-Көл РИИБине Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасынан саат 20:06 чамасында бир жаран оор абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ал Чок-Тал айылында суу скутерин жээктен алыска айдап барып, көлгө түшкөн, кийин сууга чөгүп баштаган. Ооруканага оор абалда жеткирилип, куткарууга мүмкүн болгон эмес, саат 21:10 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө сууга чөгүп кеткен адам Чок-Тал айылынын 35 жаштагы тургуну экени такталган.

Бул факты боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан