Бишкектин клубдарынын биринде бир жигит экинчисинин үстүнө чыгып алып уруп жаткан видео социалдык тармактарда тарады. Андагы кадрларда таяк жеген бала эс-учун жоготконун байкоого болот. Экөөнү жанындагылар ажыратып, жабырлануучуга башкалар келип жардам берген.
Бул окуяны Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына тастыктап, “Мото” соода борборунда жайгашкан Munchen Pub эс алуу жайынан 1-августка караган түнү саат 02:37лер чамасында чакыруу түшкөндүгүн билдирди.
“Мушташтын айрым катышуучулары суракка алынды. Алар суракка кайра келүү убадасы менен коё берилген. Учурда окуянын калган катышуучуларынын өздүгү такталып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп белгилеген маалыматта.
Ошондой эле жабырлануучу учурда ооруканалардын биринде экендиги кошумчаланды.