Шашылыш билдирүү! Өлкөдө жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, 2-августтан 3-августка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ага ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:

- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары - агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан