Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинен мамлекетке 15 миң чарчы метр турак жай аянты өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле шаар куруу чөйрөсүндөгү тартип бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Орто-Сай айылындагы "Н" контурунда жайгашкан аянты 3,08 гектар жер участогунун ээлеринин бири тарабынан алдамчылык аракеттери боюнча кылмыш иши козголгон.
"Тактап айтканда, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында аталган жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран УКМКнын дарегине арыз менен кайрылып, 2007-жылы Б.С. аттуу жаран менен биргеликте жер тилкесин сатып алышканын билдирген. Келишимге ылайык, жер тилкеси Б.С.нын атына катталып, бирок иш жүзүндө үч жаран тең бирдей үлүшкө ээ болгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жер тилкеси трансформацияланган жана өзүнчө лоттор менен сатылган Аламүдүн токой чарбасынын жерлерине таандык экени аныкталган.
Аталган факты боюнча жер которуунун жана бөлүп берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча буга чейин кылмыш иши козголгон. Жогоруда аталган Б.С. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын канааттандыруу жана максималдуу пайда алуу максатында башка үлүш ээлери менен макулдашуусуз бардык жер участогун турак жай комплексин куруу үчүн курулуш компаниясына сатып жиберген", - деп билдиришти УКМКдан.
Компания Б.С. менен биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзүп, ага ылайык, Орто-Сай айылындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексиндеги 18 миң чарчы метр турак жай аянты акыркы болуп эсептелген. Мындан улам, жер тилкесинин үч тең ээсинин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.С. зыяндын ордун толтуруунун эсебинен жабыркаган эки жарандын пайдасына 18 миң чарчы метрди берген. Өз кезегинде аталган жарандар адилеттүүлүктү орнотуп, мүлкүн кайтарып алууну гана каалашканын белгилешкен.
"Мында пайда болгон жагдайларды эске алуу менен жана курулуш компаниясынын иш-аракеттеринин ак ниеттүүлүгүн түшүнүү менен үлүш ээлери 3000 чарчы метрди компенсация катары алууну билдиришип, ал эми калган 15 миң чарчы метрди өз ыктыяры менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришти. 15 миң чарчы метр турак жай аянты 300дөн ашык батирди түзөт, алар 15 миллион долларга бааланган.
Аталган турак жай аянттарын Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берүү пландалууда. Азыркы учурда аталган жер участогунда алынган долбоордук уруксат берүүчү документтерге ылайык көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Үйлөрдүн курулушун жакынкы эки жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда", - деп кошумчалашты УКМКдан.