Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израиль менен Ливан мамлекеттерине баруудан алыс болууну сунуштады.
Министрлик бүгүн, 1-августта тараткан билдирүүсүндө, Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгиледи.
Ошону менен бирге министрлик, белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги (+96525359951), Түркиядагы (+905456896800) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирди.