Ошто сууга агып кеткен 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга агып кеткен 25 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 27-июлда саат 17:00 чамасында Шархан-Сай дарыясына 1999-жылы туулган Б.С.нын агып кеткендиги туурасында маалымат келип түшкөн.

Эртеси куткаруучулар тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

29-июлда агып кеткен жарандын жансыз денеси Шархан-Сай каналынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан