Балдары ак жеринен кармалганын айткан жарандар президентке кайрылышты (видео)

Бүгүн, 1-августта SUPER.KG порталына Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Момуналы Турдумамбетов жана Сокулук районунун тургуну Майрамкүл Исматова балдары ак жеринен кармалганын айтып кайрылышты.

Алар "Йакын инкар" диний-экстремисттик уюмунун аркасы менен көптөгөн бейкүнөө жарандар кармалып жатышканын айтып, бийлик башындагылардан уюмдун ишмердүүлүгүн так текшерип берүүнү суранышты.

"Балама намазды өзүм окуткам. Мен аны "экстремист бол" деп үйрөткөн жокмун. Жакшы жолдо жүрсүн дедим... Балам бир жарым жыл камакта отуруп чыкты. Мен дагы башка адамдар күнөөсүз эле кармалышпасын деп кайрылууну туура көрдүм", - деди Исматова.

Ошондой эле Момуналы Турдумамбетов быйыл май айында кармалып, кайра коё берилген уулу кылмыштуу аракеттерге барбай эле өз иши менен алек болуп жүргөнүн айтты.

Ал эми маалымат жыйында юристтер Уланбек Тентимишов менен Орозобек Мадинов "Йакын инкардын" диний-экстремистик уюм деп таанылып калышында көптөгөн суроолор бар экенин билдиришти.

Тентимишов "Йакын инкарды" эктремистик уюмга киргизүүдө бир катар күчтөрдүн кызыкчылыктары болгонун айтса, Мадинов уюмдун түзүлүшүнө Пакистандан окуп келгендер менен Индиядан диний сабак алгандардын ортосундагы пикир-келишпестиктер дагы себеп болгонун белгилеп, "Таблиги жамааттан" бөлүнгөндөргө "Йакын инкар" деген ат ыйгарышып, экстремисттик уюм катары таанышкан" дейт.

Белгилей кетсек, "Йакын инкар" 2017-жылы 15-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик агым деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан