Олимпиада-2024: 3-августта кыргызстандык эки спортчу күчүн сынайт  

3-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында суучул Елизавета Печерских менен боксчу Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат.

Ал эми бокс боюнча спортчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 килограмм) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Суучул Елизавета Печерских саат 15:00дө эркин стилинде 50 метр аралыкка жарышат.

Ал эми боксчу саат 00:00дө беттешке чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан