Мамлекеттик салык кызматынын инспектору жемкорлукка шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын инспектору жемкорлукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору Б.А. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү.

Ал салык маселелерин чечүү үчүн башкы эсепчиден 35 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деп айыпталып жатат.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан