Талас облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы Түйтө айылында жайгашкан 4500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткенин аныктаган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары тарабынан канааттандырылып, 4 миллион 200 миң сомго бааланган жер тилке муниципиалдык менчикке кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.