Баткенде аткезчилик жол менен ташылган дары-дармектер табылды

"Баткен" бажысы аткезчилик жол менен ташылган дары-дармектер табылганын бүгүн, 1-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк Ж.О. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан Opel Astra үлгүсүндөгү унаада болгон. Унаа Баткен-Ош жолунан токтотулган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө документтери жок Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 14 куту дары-дармек табылган.

Материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан