Кара-Сууда жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды (сүрөт)

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамкурулуштан билдиришти.

Маалымдалгандай, долбоордо эки кабаттуу бала бакчада откана, көмүр сактоочу жай, ойноочу жай, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана каралган. Имараттын аянты 3532 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, объекттин курулуш даярдыгы 85 пайыз. Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан