Өлкөдө 17 кесиптик лицейдин, 2 кесиптик окуу жайдын жана бир колледждин директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Анда айтылгандай, талапкерлер документтерин 1-августтан 14-август, саат 18:00гө чейин тапшырышы керек.
Талапкерлерге квалификациялык талаптар:
- жогорку кесиптик билиминин болушу;
- билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз жараны.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:
- Арыз;
- Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрларды эсепке алуу бобюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы;
- Дело №.
Сынак жарыяланган окуу жайлардын тизмеси.
Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек шаары К. Тыныстанов көчөсү 257. Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.