Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. оорулуу балдардын ата-энелеринен көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин алып жүргөн.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.