Париж-2024: Кытай медалдардын саны боюнча ат чабым алдыга чыкты (тизме)

Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Кытай бүгүн, 1-августта дагы 2 алтын утуп, башка өлкөлөрдөн ат чабым алдыга чыкты.

Бүгүн, 1-август Бишкек убактысы боюнча саат 18:50гө карата Кытай 11 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга үй ээлери болгон Франция 8 алтын, 10 күмүш, 8 коло медалы менен жайгашса, Япония 8 алтын, 3 күмүш жана 4 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.

Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.

Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан