Камчыбек Ташиев эрежесиз уруш боюнча жеңишке жетишкен кызматкерди сыйлады

Бүгүн, 1-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эрежесиз уруш боюнча жеңишке жетишкен «А» атайын багыттагы кызматынын кызматкери менен жолугушту.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «OCTAGON 60» турнири 17-июлдан 20-июлга чейин Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн. Ага УКМКнын «А» атайын багыттагы кызматынын кызматкери Б.у.И. катышкан.

Башкы титулдук урушта Б.у.И. 1-раундда ирандык атаандашы Акбар Бекхяпурду нокаут менен жеңип, оор салмактагы чемпиондук курун коргогон.

Камчыбек Ташиев мушкерди титулун коргошу менен куттуктап, бекем ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады. Ошондой эле төрага кызматкерди акчалай сыйлык менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан