Эртең, 2-августта Ош облусунун кээ бир аймактарында электр жарыгы убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Ош электр тармактары" ишканасынан билдиришти.
Мекеме билдиргендей, мындай чара оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу кабыл алынган.
Эртең саат 8:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда электр энергиясы берилбейт:
Кара-Суу РЭТ: Кашкар-Кыштак, Кызыл Мээнет, Гайрат, Жаңы-Будалык, Кызыл-Тал айылдарында
Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын Дача участогу, МЧС, Подъемная, Моторная, Ишматов көчөлөрүндө. Бостон, Шамшад, Жупас, Беш-Кепе, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Коммунист, Керме-Тоо айылдарында.