
Эртең, 3-августта Париж Олимп оюндарында суучул
Елизавета Печерских жана боксчу
Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, эртең саат 15:00дө Елизавета Печерских сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышат. Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу саат 00:00дө 57 килограмм салмакта Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат.
Ал буга чейин биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.