Ош шаарында да жарнамалык такталар алынат

Ош шаарында эски үлгүдөгү жарнамалык такталарды алып салуу жана санариптештирүү боюнча жыйын өттү. Анда калаа башчысынын орун басары Замир Юсупов тиешелүү муниципалдык кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди. Бул туурасында кечээ, 1-августта мэринин маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, жарнамалык такталардын ээлерине апрель айында эскертүүлөр берилип, көчө инфраструктурасын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында жаңы санариптик (лайтбоксторду, штенддерди, билборддорду) орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, жалпысынан шаар боюнча 300дөн ашык эски үлгүдөгү жарнамалык мегаборддор бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан