Ошто 15 жашар баладан 30 миң сом талап кылган өспүрүмдөр кармалды

Ош шаарында 15 жаштагы өспүрүмдөн акча талап кылып келген деген шек менен 16 жаштагы 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү милицияга 40 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2009-жылы туулган уулун белгисиз жарандар коркутушуп, 30 миң сом талап кылып келишкенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Алар Ош шаарынын 2008-жылы туулган А.М. аттуу тургуну жана Кара-Суу районунун 2008-жылы туулган С.М. аттуу тургуну экендиги такталган. Шектүүлөр алгач жабырлануучунун уюлдук телефонун тартып алышкан. Кийнин ал коркуп арызданбагандыктан 30 миң сом опузалай башташкан жана ага ай сайын акча берип турууну милдеттендиришкен.

Милиция кызматкерлери 29-июлда айтылган 30 миң сомдун 20 миң сомун алып бара жатканда А.М.ны колго түшүрүшкөн. Ошол эле күнү тоноо фактысы боюнча С.М. дагы кармалган.

Милиция кармалган экөө тең 9-классты аяктагандан кийин бош жүрүшкөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан