Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кечээ, 1-августта таэквондо боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы команданы куттуктап, аларга спорттук рюкзактарды тапшырды.
"Бүгүнкү күндө шаарда спорттук объектилерди жандандыруу боюнча эбегейсиз чаралар көрүлүүдө. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион оңдолуп, "Алга" спорт комплекси курулууда. Биз спортту өнүктүрүп, жаштарыбыздын машыгып, чоң ийгиликтерге жетүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек", - деди мэр.
28-30-июнь күндөр аралыгында Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн чемпиондукка 15 өлкөдөн 800 спортчу катышкан.
Кыргызстандын курама командасынан 5 спортчу барган. Мелдештин жыйынтыгында команда 3 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.