Парижде өтүп жаткан олимп оюндарында гендердик жаңжал чыкты. Мындан улам бокс боюнча 1/8 финалда алжирлик Иман Хелиф менен италиялык Анжела Карининин мушташы 46 гана секунд уланды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, алжирлик мушкер Хелиф "биологиялык эркек" деп эсептелет. Ал 2023-жылы гормоналдык тестирлөөдөн өтпөй калып, дүйнөлүк чемпиондукка катышуу укугунан ажыратылган эле.
25 жаштагы италиялык боксчу айым Олимпиадада аны менен болгон беттешти улантууну каалаган эмес. Ал сүлгүсүн ыргытып, калыска кыйкырган. Андан кийин атаандашы менен кол алышуудан баш тартып, көзүнө жаш алган.
Жыйынтыгында калыс алжирлик мушкерди жеңүүчү катары көрсөткөн.
Эл аралык олимпиада комитетинин директору Марк Адам бул жагдайга түшүндүрмө берген. Ал Хелифтин өздүгүн тактаган документтеринде аял экендиги белгиленгендиктен, Олимпиадага катышуу укугу берилгенин айткан.
Бул арада айымдар арасында спорттун эрежелерин сактап калуу чакырыгы менен социалдык тармактын колдонуучулары Хелиф менен Карининин рингдеги мушташын тарата башташты
Айта кетсек, 3-августта, Иман Хелиф 66 килограммга чейинки салмактагы мушкер менен чейрек финалда кез келет.