Бишкекте бүгүнтөн баштап №118 жаңы автобус каттамга чыкты (схема)

Бишкекте №118 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Жаңы автобус каттамы бүгүн, 2-августтан тарта иштеп баштады. Автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашкан.
Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт.
Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан