Бүгүн Бишкекте ачык асман алдында музыкалык кече өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, классикалык музыка кечесин мэриянын чоң симфониялык оркестри тартуулайт.
Концерттик программа кечки саат 19:00дө Токтогул Сатылгановдун эстелигинин жанында (Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанында) башталат.
Кирүү акысыз.