Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын жаранын кармады.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 26-июлда өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан 1992-жылы туулган С.И. аттуу Өзбекстандын жараны кармалган.
"Ал шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине 12 миллиарддан ашуун өзбек сумунда (955 миң АКШ долларына жакын) зыян келтирилген.
Баткен райондук сотунун чечими менен кармалган жаран тергөө абагына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.