Ырчы Биржан Байболго туулган күнүндө күйөрман апалары Kia K5 унаасын белек кылышты (видео)

Кечээ, 1-августта казак ырчысы Биржан Байбол Бишкек шаарында туулган күнүн белгилеп, анда темир тулпар жана Дубайга эс алууга жолдомо алды. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

25 жашка толгон ырчы өздүк майрамын күйөрман апалары менен белгилеп, баалуу белектерге ээ болгонун айтты.

"Бул жылкы туулган күнүмдү Кыргызстандан тоскум келди. Былтыр 24 жашымды Алматыда белгилеген элем.

Быйылкы туулган күнүмдүн өзгөчөлүгү - майрамдык кеченин бардык чыгымын күйөрман апаларым төлөп, уюштуруп беришти. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. "Апалар державасы" унаа белек кылып сүйүнттү. Мындан тышкары батириме деп кошумчаларын да беришти.

Бул унаа Кыргызстандагы биринчи унаам, буга чейин Казакстанда 2 унаам болгон, аларды саткам.

Эми күзүндө концерт тартуулайын деп турам. Анда элге даярдаган сюрпризим бар. Жаңы чыгармаларым да жарык көрөт", - деди ырчы.

Ошондой эле анын продюсери Канат Култаев туулган күнүндө Дубайга эс алууга жолдомо бергенин кошумчалады.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан